Site icon Reporter.kg

Жанар Акаев “Альянс” фракциясынын лидери болуп шайланды

Жогорку Кеңештеги “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери болуп Жанар Акаев шайланды. Бул туурасында Акаевдин жардамчысы Тилек Нурбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ошондой эле  “Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасы кызмат ордуна Чингиз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды”- деп кошумчалады.

Exit mobile version