Site icon Reporter.kg

Кайра шайлоо. Пара алууга шектелген жаранга 210 миң сомду Алканова берген

Буга чейин Бишкекте шайлоочуларды сатып алган деген шек менен кармалган аялдардын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевге эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу «24kg» агенттигине алардын бири Фарида Талипова билдирди.

Кечээ алар маалымат жыйын өткөрүп, бирок ачыкка чыгарбоо келишими болгондуктан  журналисттердин суроолоруна толук жооп бере алышкан эмес.

«Бүгүн иш жабылып, сотко өткөнүн билдим,эми окуянын чоо-жайын айта алам. 2022-жылдын 19-февралында мага жашыруун номурдан чалып, Бишкектин Чолпон базарынан жолугушууну суранышты. Алар менин туруктуу кардарымдын достору экенин айтышты (мен такси кызматында иштейм). Мен болжошкон жерине бардым. Мага бир жигит менен кыз келип, өздөрүн Игорь жана Оксана деп тааныштырышты. Мага депутаттыкка талапкер Элнура Алканованын штабынан деп 450 миң сом беришти. Мунун баары тил катта жазылган, аны өзүм сүрөткө тартып алдым. Бирок, түшүнбөй жатканым, эмнегедир укук коргоо органдары мени Абдурахманхаджи Муртазалиевге байлап коюшту, ага менин эч кандай тиешем жок, мен бул тууралуу бир эмес эки жолу айттым», — дейт Фарида Талипова.

21-февралда Бишкекте эки аял 210 миң сом менен кармалган. Алар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин пайдасына шайлоочуларды сатып алган деп шектелгени кабарланган.

27-февралда борбор калаада эки бир мандаттуу округда шайлоо өткөн.

Exit mobile version