Site icon Reporter.kg

7-күн. Нарын дарыясына агып кеткен 8 жашар бала табыла элек

7-март күнү Нарын районунун  Орто-Нура айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы Т.Т. аттуу өспүрүм азыркыга чейин табыла элек. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-март күнү издөө иштерин улантуу үчүн 20 куткаруучу жана 12 милиция кызматкер тартылып, жалпы 85-чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу саат 17:30да издөө иштери убактылуу токтотулду…

14-март күнү да улантылат.

Exit mobile version