Site icon Reporter.kg

Кыргызстан эмнеге Москвалык валюталык биржасынан баш тартты?

Доллардын көтөрүлүшү менен көптөгөн товарлардын баасы өстү. Көп товарлар Орусиядан рубл менен алынат. Мындан ары рубл менен доллардын курсун Bloomberg, Reyters маалымат агенттигинен алуу чечимин кабыл алдыңыздар?  Буга кандай түшүндүрмө бере аласыз? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңишке берди.

Соңку окуялар башталгандан кийин Москвалык банк аралык валюталык биржа үзгүлтүк менен иштеп жатты. Кээ бир учурларда такыр иштебей калган учурлары болду. Бирок, башка чет элдик  валюталык биржалар ишин алып барып жатты. Андан тышкары Москвалык банк аралык валюталык биржада чектөөлөр киргизилген. Кээ бир күндөрү максималдуу чек коюп койгон.  Мисалы, 1 доллардын наркы 120 рублдан ашса соода токтотулат дешкен. Ал эми  башка чет өлкөлүк биржаларда рубль сатылып жатты. Ошол маалда баа жагынан да чоң айырма пайда болуп калды. Мындан улам Блумбергдин курстарын пайдалануу чечимин кабыл алдык”-деп жооп берди Нурбек Жеңиш.

Exit mobile version