Site icon Reporter.kg

Шашылыш билдирүү: Кыргызстан боюнча туруксуз аба-ырайы күтүлөт

18-март күнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаап кар көчкү жүрөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрилиген билдирди.

Маалыматка караганда, 18-20-март күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда абдан катуу жаашы күтүлөт. 18-19-марттарда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Тактап айтканда:
• Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
• 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
• Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу),
• Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101, 108-113 чакырымдарында,
• Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында,
• Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
• Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси),
• 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Exit mobile version