Site icon Reporter.kg

Валюталар курсу: Акча рыногунда кандай өзгөрүүлөр?

28-марттан бери доллардын орточо сатуу курсу 87,5909 сомго, евро 97,3182 сомго чейин арзандаса, орус рубли 1,0091 сомго чейин кымбаттап, теңге 0,2069 сомго чейин түшкөн. Бул туурасында “Акчабар” финансылык порталынын валюта курсуна болгон мониторинг системасы эсептеп чыкты. (29.03.2022 күнкү  саат 08:55ке карата маалыматы)

АКШ доллары

Коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 86,0 сом, сатууда 87,0 сом .

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында долларды  сатып алуу — 85,29 сом, сатуу — 87,29 сом.

Улуттук банктын расмий курсу 94,2944 сомду түздү.

Евро

Коммерциялык банктардагы евро сатып алуу 94,5 сомдон 96,5 сомго чейин , сатуу 96,5 сомдон.

Моссоветте евро орто эсеп менен 94,88 сомдон сатылып, 96,88 сомдон  сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 103,639 сом .

Рубль

Орус рубли коммерциялык банктарда сатып алуу — 0,9 сом, сатуу  0,97 сом.

Моссоветтеги  акча алмаштыруучу жайлар рублди орто эсеп менен 0,864 сомдон  сатып алып, 1,023 сомдон сатууда.

Улуттук банкта рублдин расмий курсу 0,9807 сом.

Теңге

Коммерциялык банктарда казак теңгесин сатып алуу 0,13 сом,  сатууда – 0,197 сом.

Моссоветтеги  акча алмаштыруучу жайларында теңгенин орточо курсу. Сатып алуу — 0,1088 сом, сатуу — 0,2005 сом.

 

Exit mobile version