Site icon Reporter.kg

Ош: «Үй алып берем»- деп акчасын алып, качып жүргөн шылуун кармалды

Жер, үй алып берүүнү убадалап, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка караганда,  жергиликтүү милиция тарабынан  2021-жылдан бери издөөдө жүргөн Кадамжай районунун 33 жаштагы тургуну К.М. аттуу жаран кармалды.  Бүгүнкү күндө анын үстүнөн 13 арыз түшкөн. Анын үстүнөн алдамчылык (209-берене) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү К.М. жарандарга өзүн таасирдүү адам катары көрсөтүп, түрдүү жардамдарды сунуштап, алардан ири суммадагы акчаларды алдап, изин жашырып жүргөн.  Алсак, Ош шаарынын  58 жаштагы тургунуна «Ош шаарына жакын, Фуркат айылынан үй салууга 6 сотых  жер тилкесин алып берем» деп алдап, 32миӊ сом акчасын алып, изин жашырып кеткен.  Ушундай жол менен эле  дагы бир  жаранга Ош шаарына жакын Ишкаван айылынан 6 сотых жер убадалап  40 миӊ сом алып изин жашырган.  Ал эми үчүнчү жаранга Ош шаарынын Шеит-Дөбө аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап,   1000 доллар жана 80 миӊ сом акча алып качып кеткен.   Учурда өткөн жылы   айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүн  дагы алдап, акчаларын алып, жогорку окуу жайына өткөрүүгө жардам көрсөтөөрүн айтып,  изин жашырып кеткендиги аныкталып жатат.

Шектүү К.М. мурда ушундай эле аракеттери үчүн 2 жолу соттолгон.   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Exit mobile version