Site icon Reporter.kg

Эми окуучулар 6 жаштан тарта 12 жыл окушат

школа, учеба

Мектеп окуучулары 12 жыл билим алаарын Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“12 жылдык окуу боюнча айта кетейин, эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз”- деди министр.

Азырынча бул иш качан баштаарын айткан эмес.

Exit mobile version