Site icon Reporter.kg

Жасалма диплом алууга шектелип жаткан эки депутаттын аты-жөнү аталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдордун аныктыгын текшерүү иштеринин алкагында Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жасалма дипломго шектелгендер Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) менен Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы) экени белгилүү болду.

Тапшырылган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.

Exit mobile version