Site icon Reporter.kg

Балдарды мектепке электрондук каттоo башталды. Суроолор боюнча кайда кайрылуу керек?

Бүгүнтөн баштап балдарды мектепке жана бала бакчага электрондук кабыл алуу башталды. Бирок, ата-энелер системанын иштегенине нааразы.

Билим берүү жана илим министрлиги сайтка каттоо башталгандан кийин колдонуучулардын агымы көп болгондуктан техникалык мүчүлүштүктөр болгонун белгиледи.

«Күн ичинде көйгөйлөр адистер тарабынан жоюлат. Бирок система маал-маалы менен жүктөмдөн улам иштебей калышы мүмкүн, анткени ал арызды толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүүчү жана автоматташтырган бир нече маалымат базаларын интеграциялоо үчүн татаал архитектурага ээ”, — деп белгилейт министрлик.

Билим берүү министрлиги ата-энелерге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

«Биз бардыгын каттай алат деп ишендиребиз», — деп кошумчалады Билим берүү жана илим министрлиги.

Суроолор жана толук маалымат төмөнкү номерлерге чалып билсе болот:

• колл-борбор — 119;

• техникалык колдоо номерлери — 0312988940, 0220022196, 0220022183, 0220022381.

Exit mobile version