Site icon Reporter.kg

Сокулук милициясынын тергөө кызматынын жетекчи орун басары кармалды

Чүй облусунун Сокулук райондук милциянын тергөө кызматынын орун басары кармалды. Бул туурасында Улуттук коопрсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 19-апрель күнү УКМК, ИИМдин ички иликтөө кызматы (ИИК) менен бирдикте жүргүзгөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары К.А.М. кармалды.

УКМКга буга чейин  С.Г. аттуу  жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы боюнча Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын жетекчилеринин бирине карата чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылган.

2020-жылы жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу фактысы боюнча С.Г. аттуу жаранга карата Сокулук РИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши катталганы аныкталган.

Ошол эле учурда жабырлануучунун С.Г. аттуу жаранга доосу жок экендиги тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан, тергөө кызматынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууну уланткан.

19-апрель күнү саат 18:00 чамасында Сокулук районунун Сокулук айылында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 000 сом пара алып жаткан жеринен Сокулук РИИБнын тергөө кызматынын орун басары милициянын лейтенанты К.А.М. кармалды.

Exit mobile version