Site icon Reporter.kg

Нарын: Ат-Башы районунда айыл өкмөттөрдү ротациялоо башталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда айыл өкмөттөрдү ротациялоо башталды. Бул туурасында Ат-Башы районунун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Айтымында, Ат-Башы районунда айыл өкмөттөрдү ротациялоо башталды. Бүгүн Казыбек айыл өкмөт башчысы Руслан Докоев менен Кара-Коюн айыл өкмөт башчысы Гулзада Керималиева орун алмашты.

Exit mobile version