Site icon Reporter.kg

Президент Конституциялык соттун судьяларын сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкөнүн Конституция күнүндө Конституциялык сотко барды.  Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, имарат менен таанышуу учурунда Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев Мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берди.

Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болуп, ал жерде  конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органынын ишине кошкон салымы үчүн жана Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.Президенттин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:

— Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев; — Конституциялык соттун судьясы Меергул Бобукеева;
— Конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаев;
–Конституциялык соттун экс-судьясы Абдиев Курмантай;
–Конституциялык соттун экс-судьясы Куанбек Киргизбаев;

Президенттин атынан алкыш жарыяланды:
— Конституциялык соттун аппаратынын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоевага;
— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Алыбаевге;
— Конституциялык соттун аппаратынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдарды салыштырма талдоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Масалбековго;
— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты Уланбек Нурматовго.

Андан соң, Садыр Жапаров Конституциялык соттун кеңешүүчү бөлмөсү  менен таанышып чыгып, каалоо-тилектер китебине эстеликке жазуу калтырды.Ошондой эле, Мамлекет башчысы Конституция күнүнө арналган жалпы республикалык сынакта жеңүүчү болгон үч студентти жеңиши менен куттуктады.

Exit mobile version