“Кумтөр” ишканасынын бир жылдык каржылык ишмердүүлүгү текшерилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анда өлкө башчы: «Кумтөрдүн” бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жибердим. «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет”, — деп жазган.