Site icon Reporter.kg

Түндүк Кореяда алгач COVID-19 катталды. Түштүк Корея вакцина бермей болду

Түштүк Кореянын жаңы президенти Юн Сок Ёлдун аппараты Түндүк Кореяда коронавирус инфекциясынын биринчи учуру катталгандан кийин Түндүк Кореяга гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу бейшемби күнү, 12-майда «Newsis» агенттиги билдирди.

«Мен президенттин Түндүк Кореяга гуманитардык жардам көрсөтүү ниети бар экенин билем«, — деди президенттик аппараттын өкүлү.

Бейшемби күнү Түндүк Корея өлкөдө COVID-19 жуктурган биринчи учурду расмий түрдө тастыктады. Бир бейтапта Omicron штаммы аныкталган.

Ошол эле учурда Пхеньянда “Эмгекчилер” партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун жыйынга чукул чакырылды. Ага өлкөнүн лидери Ким Чен Ын катышты. Жыйында ал өлкөдө «коронавирустун кесепетинен күтүлбөгөн жерден өзгөчө кырдаал пайда болгонун» айтып, тиешелүү бийлик органдарын өлкөдө инфекциянын жайылышын алдын алууга, тактап айтканда, карантин киргизүүгө чакырды.

Азырынча өлкөдө пандемия башталгандан бери бир дагы COVID-19 учуру расмий түрдө катталганын билдире элек болчу.

Exit mobile version