Site icon Reporter.kg

Президент: Калктын аялуу катмарына жөлөк пулдардын өлчөмү көбөйтүлдү

Президент Жапаров калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйттү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн өлчөмдөрүн көбөйтүү боюнча тапшырма берилди:

– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин;

– жалпы оорулардан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;

– жалпы оорулардан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– жалпы оорулардан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

– ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;

– улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин.

Ошондой эле бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөм төлөө киргизилүүдө.

Мындан сырткары, 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жогорулатылууда.

Exit mobile version