Site icon Reporter.kg

Элдик курултайдын «элге көпүрө болот»- дегени талашка калды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети Курултай боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Ал жыйында Курултай боюнча жумушту топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеевге суроолор берилип, талаш-тартыш жаралды.  Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев Курултай эл менен бийликтин ортосуна кандай көпүрө боло алат деген собол таштады.

“Ар бир айылдан шайланып келген делегаттардын саны бери дегенде 700-800 дү түзөт. Ошол курултай жыйынында өлкөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып, кеңири сүйлөшүү эл менен бийликтин ортосундагы ынтымакты бекемдейт деп ойлойм” — деди Абыкеев.

Эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев Абыкеевге кайрылып “дагы бир жолу сурайын, кантип элге көпүрө боло аласыңар?”- деп суроо салды.

Ал эми Абыкеев “арыкка курулган көпүрөнү айтып жатасызбы, биз аны айткан жокпуз” – деп жооп берди.

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев жообуна андай негизде түшүнбөгөнүн, юристке шек келтирип жатканын жүйө келтирип мыйзам долбоордогу мүчүлүштүктөрүн бирден санап берди.

Башмыйзамдын 7-беренесинде бир гана “Элдик курултай” жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыздар, биз мектепке чейин өзүбүздүн өкүлчүлүгүбүздү ачып жибергибиз келет. Айылдык, райондук, шаардык курултай деген жок. Республикалык деңгээлде эле бир эле курултай түзүп койсо болбойт беле? Ушундай болбогондо талаш-тартыш болбойт болчу. Силерге айылдык курултайдын эмне кереги бар эле? Анан мени айтасыңар сууга курулган көпүрөнү айтып жатат окшойсуңар деп мени айтасыңар… Ага ушул үчүн кечирим сурап коюңуз”- деди.

Аталган мыйзам долбоорун түзүү боюнча атайын жумушчу топко11 киши мүчө болгон. Башмыйзамга да кирген. Президент Садыр Жапаров демилгелеген.

 

Exit mobile version