Site icon Reporter.kg

24-майга карата валюталар курсу

Улуттук банк 24-майга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтар боюнча, сомдун курсу АКШ долларына карата 0,46%га кымбаттап, 79,5 сомду түздү. Ошол эле учурда сомдун башка валюталарга карата баасы төмөндөдү. Теңгенин сомго карата баасы 0,97%га кымбаттап, 0,1871 сомду түздү.

Рубль 0,36%га, 1,303 сомго, евро 0,2%га жогорулап, 84,6437 сомго баланды.

Белгилей кетсек, бүгүн акча алмаштыруучу жайларда доллар 79,5-80,5 сомдон сатылууда. Рубль сатып алууда 1,2, сатууда 1,35.

Exit mobile version