Site icon Reporter.kg

Токаевдин иш сапары: Коопсуздукту 3 миң милиция карады

Евразия экономикалык форумунун жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий иш сапарынын алкагында күчөтүлгөн тартипте иштеген 3 миңден ашык милиция кызматкерлери керектүү коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылышты. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, эч кандай мыйзам бузуулар жана окуялар катталган жок.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарыбызга кыска мөөнөттүү жол жабылганда өз ара түшүнүшүү жана кызмат учурунда милиция кызматкерлерине болгон сый-урматы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

 

Exit mobile version