Site icon Reporter.kg

“Кумтөр” кенинин борбордук карьеринде иш убактылуу токтоду

“Кумтөр” кенинин борбордук карьеринин капталынын жылышынан улам, кызматкерлердин жана техниканын коопсуздугу үчүн атайын аталган участокто кен казуу иштери убактылуу токтотулган. Бул тууралуу компаниядан «Акчабарга» билдиришти.

Ошол эле учурда Кумтөр кенинин бардык кызматтары штаттык режимде иштеп жатканы кабарланууда. Ишкананын жетекчилиги адистер менен биргеликте кырдаалды иликтеп жатат.

Компания коопту жагдай оңуна келгенден кийин тилкеде жумуш дароо башталаарын билдирүүдө.

«Кумтөр кенинин өзү геологиялык жана тектоникалык жактан абдан татаал. Учурда бул аймакта пайда болгон кыймылдардын себебин аныктап жатабыз. Эксперттер иштешет. 2002-жылы бул тарапта жаракалар жана жылыштар болгон, 2006-жылы да бул тараптын деформациясы болгон», — деп комментарий берди «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тоо-кен департаментинин менеджери Алмаз Чомокеев.

Ишкананын башкы инженери Манас Кабаев да кырдаалды баалоого Кыргызстандан алдыңкы эл аралык эксперттер жана адистер тартылганын билдирди.

Эскерте кетсек, 18-майда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Кумтөр кенинин борбордук тилкесинде чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабында кыймылдын ылдамдыгынын себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

 

Exit mobile version