Site icon Reporter.kg

Келдибеков көрүнбөйт. Жогорку Кеңеште мурдагы төрагалар жолугушту

Бүгүн, 30-майда Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары менен жолугушуп, аларга  Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин чечими менен ыйгарылган  “КМШ ПАА 30 жыл” аталышындагы маарекелик медалдарды тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, аталган медаль Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов: “Жогорку Кеңеш КМШ ПААнын түптөлүшүндө негизги ролду ойногон. Андан бери бул ассамблея парламенттер аралык байланышты гана чыңдабастан, өлкөлөр ортосундагы алаканы арттырып, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түздү”, – деди.

Ошондой эле эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз парламенти мамлекетибиздин калыптанышына жана демократиялык түзүлүштүн орношуна чоң салым кошконун айткан Талант Мамытов: “Жогорку Кеңеш өлкөбүздөгү бардык реформалардын башында туруп, көйгөйлөр менен катар мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн маанилүү болгон олуттуу маселелер кеңири талкууланган аянтчага айланды. Мында бардык чакырылыштын депутаттарынын жана Төрагаларынын орду өзгөчө”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, жолугушууда сөз сүйлөгөн Легендарлуу парламенттин Төрагасы Медеткан Шеримкулов КМШ ПААнын алгачкы маанилүү чечимдери Жогорку Кеңештин имаратында кабыл алынганын белгилеп, ассамблеянын быйылкы отурумдарын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын 30 жылдык маарекелик медалдарын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына ыйгаруу чечими кабыл алынган. Алар:

Сүрөттөргө караганда Акматбек Келдибеков менен Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков ж.б. көрүнбөйт.

 

Exit mobile version