Site icon Reporter.kg

Иркутск шаарынан Бишкекке учактар каттай баштады

Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттам ачылды. Бул туурасында Манас аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган багыт боюнча авиакаттамдарды «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат.

2022-жылдын 16-июнунда Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди.

Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 4 саат.

 

Exit mobile version