Site icon Reporter.kg

Казакстанда беш жашарлык эки кыз терезеден кулап кетти

Атырауда беш жашар эки кыз терезеден кулап кеткенин Мой город сайты билдирди.

«27-июнь күнү саат 22:10дордо Нурсая кичи районунда жайгашкан үйдүн 3-кабатынын терезесинен беш жаштагы эки эгиз кыз кулап кеткен», — деп билдирди Атырау облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Эгиздер терезенин жыгачына жөлөнүп турушкан. Алардын салмагына туруштук бере албагандыктан кулап кеткен. Кыздардын апасы кошуна бөлмөдө экен.

Азыр эгиздер облустук балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө.

Exit mobile version