Site icon Reporter.kg

Италиянын борборунун түндүк-батышы жагын өрт чулгады (видео)

A firefighting airplane drops water as a wildfire burns in the Monte Catillo nature reserve in Tivoli, near Rome, Italy, August 13, 2021. REUTERS/Guglielmo Mangiapane

Римдин чет жакаларында ири өрт чыкты. Катуу шамалдан улам келип чыккан жалын кыска убакыттын ичинде Италиянын борборунун түндүк-батышындагы атактуу Пинета Сакчетти паркынын аймагындагы чоң аймакты каптады.

30 градус ысык өрттү өчүрүүнү кыйындаткан. Аны өчүрүүгө 10 сааттан ашык убакыт кетти. Жабыркагандар болгон жок, бирок бул зонада жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары түнү менен эвакуацияланды. Алар үйлөрүнө эртең менен гана кайтып келе алышкан.

Бир жума мурун Римдин ушул эле бөлүгүндө ири өрт чыккан. Ондогон адамдар муунуп калганына нааразы болуп, дарыгерлерге кайрылышкан.

Exit mobile version