Site icon Reporter.kg

“Аю” менен “Ак Каз” компанияларынын контрафакттык арактары табылды (видео)

Чүй облусунун Сокулук районундагы сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, күмөндүү акциздик маркалар менен “Аю” ЖЧКсы жана “Ак Каз” ЖЧКсы өндүргөн 4 миң 174 бөтөлкө ликер-арак продукция тартып алынды.

Салык контролунун материалдары мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version