Site icon Reporter.kg

Хорсбол: Кыргыз спортчулары Франциядагы дүйнөлүк чемпионатка катышат

Кыргызстандын хорсбол командасы Францияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар эки күндөн кийин Францияга келишет. Аттарды ижарага алышат. 15-20 күндөн кийин дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо туру башталат.

Франция кыргызстандык спрортчуларды мындан эки жыл мурун хорсболл оюнун кантип ойноорун үйрөткөн.

20-кылымдын 70-жылдарынын аягында Бордодон келген эки дос Францияда жаңы спорт түрүн ойлоп табышкан. Регби менен баскетболдун негизинде алар атбол деп аталган укмуштуудай динамикалуу жана кызыктуу оюн түзүшкөн. Жыйырма жылдан кийин ал Англияда ойноло баштаган.  Хорсбол азыр он бештен ашык өлкөдө ойнолуп, потенциалдуу олимпиадалык спорт түрү катары каралууда

 

Exit mobile version