Site icon Reporter.kg

Эми иштей албаган милиция кызматкерлери иштен айдалат

Бүгүн, 29-июль күнү  Ички иштер министрлигинин  соңку 6 айдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине бир катар талаптарды койду.

Жол коопсуздугу боюнча чаралар күчөтүлбөй, кырсыктар дагы өсө турган болсо, анда катуу чаралар көрүлөт. Ошондуктан, сиздерге дагы убакыт берилет. 9 айдын жыйынтыгы менен көрсөткүч дагы деле ушул бойдон калса же жол кырсыктарынын саны өсө турган болсо, анда билдирмеңерди жазып кете берсеңер болот”, — деди Улан Ниязбеков

Ошондой эле “мындан ары, ар бир жетекчинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, аны алдын алууга карата кандай иш-аракеттерди жүргүзгөндүгүн тариздеп, ар бир жетекчиге карата реалдуу баа беребиз.Ушул жылдын аягында коллегияны башкача өткөрөбүз. Элдин талаптарын аткарууга, жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууга чамасы жетпеген жетекчилер менен коштошобуз”- деп эскертти.

Exit mobile version