Site icon Reporter.kg

ИИМ: Интернет-дүкөндөрдөгү алдамчылыктан кантип сактаныш керек?

Ички иштер министрлиги интернет-дүкөндөрдөн алданып калбасы үчүн жарандар үчүн атайын кеп-кеңешин таратты. Ага ылайык:

Интернет-дүкөндөрдөн сатып алууда, анын кадыр-баркына жана рейтингине көңүл буруңуз. Эгерде сиз сын-пикирлерди таба албасаңыз жана ал дүкөн товарды алдын ала төлөп берүүнү суранса, анда сатып алуудан баш тартып, жакшы жана жаман жактарын таразалап көрүңүз.

Эң эле жаман нерсеси, сатуучу сизден алдын ала төлөм алгандан кийин, чалууларыңызга жана электрондук почталарыңызга жооп берүүнү токтотуп, жашынып калат.

Ошондой эле, интернет-дүкөндөрдөн сатып алуунун дагы бир коркунучу, жеткирилген буюм ар кандай себептерден улам сиз күткөндөй болбой калышы мүмкүн:

— сайтта көрсөтүлгөндөрдөн сапаты, сырткы көрүнүшү ж.б. айырмаланат;
— өлчөмү, түсү, стили ж.б. ылайыктуу эмес;
— бузулган же таңгактан ачылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги интернет-дүкөндөрдөн сатып
алууда алдамчылыктардан кантип сактануунүн төмөнкү эрежелерин сактанууну
эскертет:

  1. Досторуңуздун жана тааныштарыңыздын сунуштарын колдонуп, ишенимдүү сайттардан сатып алыңыз же белгилүү ири онлайн дүкөндөргө кайрылыңыз;
  2. Интернет-дүкөндүн товарды кайтарып берүү же алмашуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруңуз;
  3. Интернет-дүкөндүн ишенимдүүлүгүнө толук ишенгенде гана алдын ала сатып алууларды жүргүзүңүз.

 

Exit mobile version