Site icon Reporter.kg

Өзүн атып алды делген жоокердин ишин Акыйкатчы көзөмөлүнө алды

Акыркы учурларда жылда аскер кызматындагы жоокерлердин өзүн-өзү же бири-бирин атып алуу өңдүү учурлар көбөйүп кеткенине байланыштуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тарабынан “Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы” боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу аталган мекеменден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июлда «№27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө катардагы жоокер Калыс Абдыкабылов кайтыш болду. Тийиштүү мекеменин расмий маалыматы боюнча, “ал өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болду”-деп жазылат.

Ал эми жоокердин жакындары анын өзүнө-өзү ок чыгарганына ишенишпей, өлүмүн акыйкат териштирүүнү талап кылууда.

Бул окуя боюнча бири-бирине шайкеш келбеген ар кандай маалымат чыкканына байланыштуу, Акыйкатчынын өкүлү окуя болгон жерге барды. Ал жерде взводдун команда башчысы, батальондун жана ЖАМКнын алдындагы күзөт департаментинин психологу, кароолдун башчысы, ошондой эле ошол түнү маркум Калыс Абдыкабылов менен нөөмөттө турган жоокерлер жана башка бардык жоокерлер менен сүйлөшүү болду. Ошондой эле жоокер көз жумган мунарага чыгышты.

Чогуу кызмат өтөгөндөрдүн айтымында, ал өз кызматын мыкты аткарган, мүнөзү жакшы жоокер болгон. Ал күнү жанында эч ким болбогондуктан, эч ким эч нерсе айта алган жок. Бирок, баары бир ооздон суицидке барбай турган жигит экенин баса белгилешти. Анын карточкасында да бардык талаптарды нормадан жогору аткаргандыгы жазылган.

Акыйкатчынын өкүлү тарабынан чогултулган бардык материалдар Жумушчу топто иштөө үчүн колдонулат.

Ушул тапта Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп, соттук экспертиза жана баллистикалык экспертиза дайындалган.

Бул иш Акыйкатчынын жеке көзөмөлүндө болот.

Буга чейин анын жакындары өзүн-өзү атып алганына ишенбестигин айтып чыккан. 

Жоокердин жакындары: Инибиз кокустан өзүн атып өлдү дегенге ишенбейбиз

Exit mobile version