Site icon Reporter.kg

Бишкекте катуу шамал. Мэрия унааларды бактын алдына койбоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсү боюнча, жакынкы аралыкта  Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал күтүлүүдө. Шамалдын ылдамдыгы   секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу мэрия билдирүү таратты.

Шамал бутактардын жана дарактардын морттугуна таасирин тийгизет.

Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы жол кырсыктарын алдын алуу жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн айдоочулардан  унааларын бактардын жана жеңил объектилердин алдына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуздар, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 номурларына кабарлаңыздар, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Сак болуңуздар, абайлаңыздар!”- деп айтылат билдирүүдө.

Exit mobile version