Site icon Reporter.kg

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаа аласалып калды (видео)

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылынын аймагында, Төө-Ашуу жактагы жолдо MAN үлгүсүндөгү унаа аласалып кеткени боюнча социалдык тармакка видео тарады.

Ал видеодо жүк ташуучу унаа аласалып, жолдун 80 пайызын тороп калган. Унаалар аны айланып өтүп жатышат.

Азырынча бул кырсык боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат тарата элек.

Exit mobile version