Site icon Reporter.kg

Дзюдо: Чыңгызхан Сагыналиев Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Мелдештер Нур-Султан шаарында (Казакстан) өтүүдө.

Бүгүн ал 1/8 финалдык баскычтан баштап (73 килограммга чейинки салмак категориясы) чыкты. Ал  Монголиядан келген Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Цогтбаатар Цэнд-Очирди иппон менен чыгып, утту. Чейрек финалда филиппиндик Кейси Наканону жеңип алды.

Жарым финалда Чыңгызхан Сагыналиев казакстандык дзюдочу Данияр Шамшаевге утулуп калды.

Коло үчүн күрөштө ал кыргызстандык команданын дагы бир мүчөсү Эртур Турдубаевден күчтүү болду.

Сагыналиевдин коло медалы Кыргызстандын 2022-жылкы Азия чемпионатында биринчи медалы болуп калды.

Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпиону.

Exit mobile version