Казакстандык беш компанияга Сауд Арабияга эт азыктарын сатууга уруксат берилгенин Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, этти кайра иштетүүчү 5 казакстандык компания Кыргызстанга кой менен уй этин экспорттоого укугу бар ишканалардын реестрине киргизилди.
Белгиленгендей, буга чейин 2021-жылдын 6-сентябрынан 14-сентябрына чейин Сауд Арабиянын ветеринардык кызматынын адистери тарабынан Казакстандын аталган беш эт иштетүүчү ишканасына текшерүү жүргүзүлгөн.