Site icon Reporter.kg

Чүй: Сокулукта кумшекер арзандады

Сокулук районунда акыркы 10 күндө кумшекердин баасынын төмөндөшү байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтында маалымдалды.

«Кумшекердин чекене баасы орто эсеп менен 5-7 сомго төмөндөп, 88-89 сомду түздү», — деп билдирди Монополияга каршы күрөшүү кызматы баа мониторингинин жыйынтыгында.

Ведомстводон билдиришкендей, мониторинг райондогу соода түйүндөрүн, 10дон ашык дүкөндөрдү жана 40тан ашык социалдык маанидеги товарларды сатуу пункттарын камтыды.

Exit mobile version