Site icon Reporter.kg

Казакстан кыргызстандыктар үчүн дизелдик отунду 2 эсе кымбаттатышы мүмкүн

Транзиттик унаалар үчүн дизелдик отунга дифференцияланган бааны киргизүү зарылдыгын Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов 20-августта өкмөттүн жыйынында билдирди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

«Долбоорго ылайык, айдоочулук күбөлүгү бар жарандарыбыз үчүн суткасына лимит 100 литр дизелдик майдын азыркы баасы боюнча литрине 230-260 теңге (38,8-43,9 сом). Ал эми жүк ташуучу  унаалар үчүн айдоочулук күбөлүк (Казакстан Республикасынын жараны) жана документтер, башкача айтканда, анын казакстандык каттоосун тастыктаган унаанын каттоо күбөлүгү, суткасына 300 литр лимит болот», — деди энергетика министри.

Ошол эле учурда лимиттен ашкан учурда,  чет элдик жарандар  үчүн бензиндин баасы дизелдик отундун литри үчүн 450 теңгени (75,9 сом) түзөт.

Бул Кыргызстандын жүк ташуучуларынын ишине кандай таасир этээрин “Акчабар” жүк ташуучу айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун жетекчисинин орун басары Игорь Голубевден пикирин укту.

«Биз мындай чечимди кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Анткени бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) принциптерине жана нормаларына шек келтирет.  Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун келишимин бузуу болуп саналат. Анткени өлкөнүн жарандары чет элдиктер үчүн тарифтер айырмаланбашы керек», — деди Голубев.

Ал кошумчалагандай, Казакстан өкмөтүнүн мындай чечими баанын өсүшүнө таасирин тийгизип, ошондой эле кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын казакстандыктардын алдында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.

«Казакстан биздин жүк ташуучуларды кечеңдетип гана тим болбостон, дизель майына да бааны көтөрүүдө.  Биз муну адилетсиз атаандаштык деп эсептейбиз. Биздин автотранспортчулар Казакстанга кире бериште жана чыгууда цистерналарга толук куюшат. 60 литрлик резервуарды толук толтурганда, баанын айырмасы сиз үчүн байкалбайт, бирок жүк ташуучу унаанын цистернасынын көлөмү бир тонна болгондуктан, биз үчүн дизель майы сезилээрлик түрдө кымбат болот», — деди ал.

Игорь Голубев белгилегендей, буга чейин Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине бул маселени Евразиялык экономикалык комиссиянын жана ДСУнун сайтында кароо өтүнүчү менен кайрылуу жолдошкон.

«Бүгүн ЕЭК Кеңешинде вице-премьер-министрлердин деңгээлинде жыйын өтөт, анда ЕАЭБ мейкиндигинде тоскоолдук катары дифференцияланган тарифтер маселеси каралат», — деди Голубев.

Exit mobile version