Site icon Reporter.kg

Франция: Дарыгерлер компьютерден калем-кагазга өтүштү

Корбейль-Эссоннадагы француз ооруканасынын дарыгерлери компьютерден калем менен кагазга өтүштү. Буга хакердик чабуул себеп болгон. Анын айынан Париждин түштүк-чыгышында жайгашкан медициналык мекеменин кызматкерлери ишемби күнү кечтен бери программалык камсыздоого кире алышкан эмес.

Оорукана жаңы бейтаптарды расмий түрдө кабыл ала албайт.  Эгерде шашылыш болбосо адамдан Иль-де-Франс аймагындагы башка шаарга барууну суранышууда.

Англис тилинде жазылган билдирүүдө хакерлер ооруканадан 10 миллион доллар талап кылышкан.

Бирок, медициналык мекеме кол салгандарга акча төлөгүсү келген күндө да, мындай кылуу мүмкүн эмес болчу.  Оорукана мамлекеттик, демек, анын мындай акчага мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, дарыгерлер жана администрациялар компьютерсиз иштөөгө туура келген.

Француз прокурорлору буга чейин тергөө иштерин баштаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version