Site icon Reporter.kg

Бишкекте аскер кызматкерлери кыз зордуктаган деп шектелүүдө

Бишкекте Улуттук гвардиянын жоокерлери кыз зордуктады деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, зомбулукка кабылган адам арыз менен милицияга кайрылган.

Бул маалыматты 24.kg агенттигине борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты. Ведомстводон билдиришкендей, факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Жыйналган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди», — деп белгилешти РИИБден.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version