Кыргызстандын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы «КРнын аймагындагы соода-сатык ишмердүүлүгүн ирээтке келтирүү жөнүндөгү» токтомуна киргизиле турган өкмөттүн өзгөртүүлөрү ата мекендик бизнеске олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн деген деген негизде кабатырланууда.
Бул жердеги кеп — өлкөнүн бардык кафелерине жана тойканаларына ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн суусундуктарынын ар бир алкоголсуз түрүнөн эң аз дегенде жарым ассортиментин киргизиш керек деген талаптар жөнүндө болууда. Ассоциация мүчөлөрү жогоруда аталган токтомду киргизүү олуттуу жемкорлук тобокелчилигин жаратып, ал эми тамактануу түйүндөрү ар кандай себептер менен анын керектүү деген талаптарын канааттандыра албашы мүмкүн деген оюн айтышууда.
Тамактануу жайлары менен ассоциация мүчөлөрү ата мекендик өндүрүштүн өнүгүшүн толугу менен колдошот. Бирок, саламат рыноктук атаандаштык сакталсын жана коомдук тамак-аш жайларын текшерүүдө жемкорлукту түзүүчүлөр азайтылат деген шарттарды коюшат.
«Рыноктогу ээлик кылган субъектилердин эркин атаандаштыгы» дегенге так аныктама берилип жаткандыгына байланыштуу жогоруда аталган өзгөртүүлөр КРнын «Атаандаштык жөнүндөгү» мыйзамына доо кетирет. Башкача айтканда, рыноктогу оюнчулар саламат рыноктук атаандаштыкта жана аталган процесске негизсиз кийлигишүүсүз өзүнүн экономикалык тагдырын өз алдынча чечишет», — дейт КРнын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясынын президенти Анатолий Деревинский.
«Бул токтомдун ишке ашып жатканын элестетүү кыйын. Тамактануу жайларынын көбү керектөөчүнүн талабына жана товардын баасына жараша иш алып барат. Биз кардарлардын кызыкчылыгына карап иштейбиз. Жакшы көргөн суусундугуна буйрутма берген адамдын тандоосуна биз чектөөлөрдү кое албайбыз. Ал эми текшерүүчү органдар үчүн биздики туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ал өз кезегинде жемкорлуктун өсүшүнө жол ачып, өлкөнүн бардык кафе жана тойканаларынын ишин татаалдаштырат. Анын негизинде ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойбуз деген ат менен ата мекендик ишкерлердин укугуна доо кетет», — дешет ассоциация мүчөлөрү.
Андан сырткары, ассортиментти талап кылуу жалпы тамактануу объектилерин кошумча чыгымдарга дуушар кылат. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн суусундуктарынын арасынан импорттолгон суусундуктарга сапаты жана коопсуздугу боюнча дал келген аналогун табуу кыйын.
Эгерде Кыргызстандагы коомдук тамактануу жайларынын белгилүү франшизалары жөнүндө сөз кыла турган болсок, алардын кызматкерлерди тандоо, кардарларды тейлөө ж.б. стандарттарын кошпогондо эле өндүрүлүп жаткан продукциянын, ингредиеттеринин сапаты жана стандарттары боюнча талабы өтө күчтүү. Бул деген Министрлер кабинетинин талабы мындай мекемелер үчүн ишке ашкыс дегенди билдирет.
«Ата мекендик суусундуктарды өндүрүүчүлөрдү колдоо башка тараптардын, биринчи кезекте керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына каршы келбеши керек. Ишкерлердин эркиндигине жана адилеттүү атаандаштыкка доо кетирбегени дурус», — деп кошумчалайт А.Деревинский. Мыйзам чыгаруучуларга биз жогоруда аталган демилгени жоюп, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алууну жана өлкөнүн ички мыйзамдарына дагы, эл аралык милдеттемелерге дагы туура келбеген, ишке ашырууга мүмкүн болбогон демилгени жокко чыгарууну сунуштайбыз», — дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз