Site icon Reporter.kg

Шаменовдун Москвада жан сакчы менен жүргөн видеосу тарады

Ишкер Илгиз Шаменовдун Орусиянын баш калаасы Москвада жан сакчылары менен унаага түшүп бара жаткан видео социалдык тармактарга тарады.

Фейсбук колдонуучусу Ербол Токтогулов  Шаменовду жан сакчылар кайтарып,  Мercedes s223 үлгүсүндөгү чопкутталган (брондолгон) унаасы менен жүргөнүн айтып, орусиялык укук коргоо органдары кайтарып жүрөбү деген суроо салды.

Ишкер менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Илгиз Шаменов өзү Кыргызстанда балык чарба менен алектенип жүргөн. Соңку кездери Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенинин казылышына каршы чыккан. Ошол маалда унаасына граната коюлуп, коомчулукта резонанс жаралган.  Андан кийин бийлик тараптан кысым болуп жатканын айтып, балык чарбасын жапканын кабарлаган. Кийинчерээк ар кандай коркутуулардан соң Орусияга чыгып кеткенин шардана кылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version