Site icon Reporter.kg

Баткен коогалаңы: 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка көчүрүлдү

18-сентябрь  саат 18:00гө карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланган. Бул туурасында Медиа Штабдын Телеграм каналына маалымат жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, Баткен облусу боюнча жалпы 47 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) ачылган.  Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Учурда Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун,  даярдалган. 18-сентябрга карата 392 жаран жайгашкан.

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 315 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 81 тонна ӨКМ тарабынан жеткирилип, 179 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 54,5 тонна  гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүлдү.

Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

Ош облусунда – 44;

Жалал-Абад облусунда– 12;

Нарын облусунда – 6;

Ысык-Көл облусунда – 69;

Талас облусунда – 43;

Чүй облусунда – 12;

Ош шаарында –1;

Бишкек шаарында – 1.

Exit mobile version