Site icon Reporter.kg

Туткунда калган 4 кыргызстандык аскер бошотулду — видео

Тажикстан тарап туткундап алган 4 кыргызстандык чек арачы бошотулду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-сентябрда түштөн кийин  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын төрт аскер кызматкерин бошотуп келишти.

Саат 21:00гө карата КР УКМКнын төрагасы К.Ташиев өзү тарабынан бошотулган 4 чек арачы менен бирге «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Баткенге кайтып келген.

Чек ара кызматы билдиргендей, бошотулган аскерлердин абалы жакшы. Бирок бирөө бутунан жараат алган.

Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version