Site icon Reporter.kg

Кыргызстандан Ооганстанга темир жолу аркылуу жүк жөнөдү

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Ооганстан» мультимодалдык каттамын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Кытайдан 12 контейнер жүк келип, темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка караганда, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Ооганстан» жаңы транспорттук коридору – бул жүктөрдү Кытайдан Ооганстанга Кыргыз Республикасы аркылуу комбинацияланган түрдө ташуучу мультимодалдык маршрут. Жүк Кытайдан унаа жолу менен келип, “Ош” станциясында вагондорго жүктөлүп, андан ары Өзбекстанга темир жол аркылуу жөнөтүлөт.

Бул мультимодалдык маршрутту ишке ашыруу 2022-жылдын 8-9-сентябрында Өзбекстанстандын Ташкент шаарында  Кытайдын эл аралык логистикалык компаниясынын катышуусунда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын темир жол администрацияларынын  өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусунун алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынттыгында мүмкүн болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version