Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын Баткен облусунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна алынып келишине байланыштуу 20-сентябрдан тартып, жарандардын жайгаштырылган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана аларды каттоодон өткөрүү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору тарабынан аймактык негизде жүргүзүлүүдө.
Бир жуманын ичинде шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылып, жардам алгандар:
?жалпы 416 адам кайрылган,
?анын ичинде 194 бала,
? алардын 27си 1 жашка чейинки балдар ,
?ал эми 54ү 5 жашка чейинки балдар,
?кош бойлуу аялдар — 27 аял,
? каттоого алынганы — 55 адам,
?2 бейтап Улуттук хирургия борборуна жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды,
?Аялзаттын борборуна жайгаштырылганы — 3 адам,
?292 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү,
?Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун (ММК) кошумча программасы боюнча 17 адамга рецепттер берилген.