Site icon Reporter.kg

Астанада Жапаров, Путин, Рахмондун сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.

Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи.

Бирок, кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча маалымат айтылган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version