Site icon Reporter.kg

Дарыгерлер бейтаптардын дем алуусун жеңилдетүүнү үйрөндү

Жүздөн ашык реаниматологдор COVID-19 учурунда бейтаптардын дем алуусун жеңилдетүү боюнча ыкмаларды өздөштүрүштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек жана Ош шаарларында реаниматологдор үчүн COVID-19 учурунда оорулуулардын дем алуусун жеңилдетүү боюнча практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүү боюнча тренингдер өткөрүлдү. Тренингде инвазивдүү жана инвазивдүү эмес вентиляциянын негиздери да камтылган.

Тренинг Дүйнөлүк банктын “COVID-19га тез чара көрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган. Окууга райондук, облустук жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынан жүздөн ашык реаниматологдор катышты.

Окутуу программасы коронавирус менен ооруган бейтаптар менен түздөн-түз иштеген дарыгерлердин муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн.

Тренингдер 2022-жылдын 3-7-октябрында Ош шаарында, 10-14-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлдү.

Долбоордун максаты — Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы даярдыгы жана жооп кайтаруу жаатындагы аракеттерине тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн тобокелдиктерди азайтуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version