Site icon Reporter.kg

БУУ Индияны климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө үндөдү

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Индияны глобалдык жылуулукка жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө үлгүлүү лидер болууга чакырды. Антониу Гутерриш быйыл БУУ менен өнөктөштүгүнүн 75 жылдыгын белгилеп жаткан Индияда эки күндүк расмий сапар менен жүрөт.

Азия өлкөсүнүн бийликтерине жана жарандык коом өкүлдөрүнө кайрылып, Гутерриш мындай деди:

«Келгиле, экономикабызды жана жашоо образыбызды өзгөртүүгө убада берели, ошондо биз Жердин ресурстарын адилеттүү бөлүшүп, өзүбүзгө керектүү нерселерди гана ала алабыз. Келгиле, Индия G20нын төрагалыгына киришкенде, туруктуу өнүгүүнүн жаңы доорун ачат деп ишенели«.

Адамзаттын алтыдан бир бөлүгү жашаган Индия планетадагы парник газдарын чыгаруунун негизги булактарынын бири болуп саналат. Акыркы жылдары бул Азия өлкөсү глобалдык жылуулуктун кесепеттерин сезип жатат: кургакчылык, нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары көп катталып, андан өлкөнүн бардык тургундары жапа чегип келет.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version