Site icon Reporter.kg

Кемпир-Абад маселеси: ИИМ сурактагы активисттер боюнча билдирүү таратты

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version