Site icon Reporter.kg

Россиядан Кыргызстанга келе жатып жүргүнчү өлтүрүлдү

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү издеп жаткандыгын аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июнь күнү эртең менен Токтогул районунун Үч-Терек айылында зомбулуктан каза болгон европа улутундагы адамдын сөөгү арыктан табылган.

Аталган факты боюнча ИИМ КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгоду.

Укук коргоо кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташкан.  44 жаштагы Д.К. болуп чыкты.  Тергөөнүн версиясы боюнча, ал июнь айында Россиядан 32 жаштагы Тилек Жаанбаев жана 24 жаштагы Аптандил уулу Марлен менен унаасы менен чыгып кеткен. Кыргызстанга келе жатып өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен.

Тергөөчүлөр унааны табышты, бирок шектүүлөр из жашырып жатышат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version