Site icon Reporter.kg

Диего Марадона гол киргизүү үчүн колдонгон топ аукционго коюлду

Диего Марадона 1986-жылы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Англия менен болгон беттеште атактуу «Кудайдын колу» голун киргизүү үчүн колдонгон футбол тобу ноябрдын аягында Лондондо аукционго коюлат.

Эксперттердин айтымында, ал үч миллион фунтка чейин жетет.

Мындан 36 жыл мурун Мексикада өткөн жолугушуунун соңунда топту башкы калыс алып, абдан чуулгандуу голду санаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version