Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.
Билими жогору. 1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангга ээ.
Эмгек жолу:
- 1992-1994 –КР Илимдер академиясы
- 1995-1996 – КР ТИМдин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы
- 1996-1999 – Стамбул шаарындагы КРнын Башкы консулчулугунун вице-консулу
- 1999-2005 — КР ТИМдин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси
- 2005-2008 — Стамбул шаарында КРнын башкы консулу.
- 2008-2009 — КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары
- апрель, 2010 – сентябрь, 2012 — КРнын тышкы иштер министри
- октябрь, 2015 — «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз